Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркия “Маариф” Фондунун Башчысы Бирол Акгүн менен жолугушту

3493

 

2020-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия “Маариф” Фондунун Башчысы Бирол Акгюн менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда тараптар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Түркия “Маариф” Фондунун ортосунда кол коюлган Кыргыз Республикасында жеке билим берүү мекемелерин ачуу жана иштетүү жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруу боюнча маселелерди талкуулашты.

Мындан тышкары Б.Акгюн Макулдашууну ишке ашыруу максатында Кыргызстанда Фонддун кеңсеси ачылганын белгилеп, келе жаткан жылы Бишкекте билим берүүнүн бардык баскычтарын камтыган мектеп ачуу пландаштырылып жаткандыгын кабарлады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK