Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри А.Бейшеналиевдин Түркия Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Х.Элдемир жана Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасынын орун басары Ж.Адан менен жолугушуулары

3521

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри А.Бейшеналиевдин Түркияга болгон иш сапарынын алкагында 2021-жылдын 5-февралында Түркиянын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Халил Элдемир жана Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасынын орун басары (ТУУЖ) Желал Адан менен жолугушуулары өттү.

Министр А.Бейшеналиев түрк тарабына коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө буга чейин көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди жана коронавирус пандемиясы учурунда Кыргыз Республикасындагы татаал кырдаалды эске алып, гуманитардык жардам көрсөтүүсүн өтүндү.

Саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин талкуулаган Министр А.Бейшеналиев Бишкек Кыргыз-Түрк Достугу ооруканасын толук кандуу ишке киргизүү максатында Түркия парламенти тарабынан аталган оорукана боюнча Келишимди тез арада ратификациялоо зарылдыгын белгиледи.Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасынын орун басары Ж.Адан аталган Келишимдин тез арада ратификацияланышын колдой тургандыгына ишендирди.

Түркия Саламаттыкты сактоо министрлиги кыргыз тарабына 5000 ПЦР-тестин өткөрүп берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK