Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Президенттик Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, Басма сөз катчысы, Коопсуздук жана тышкы саясат комитетинин Төрагасынын орунбасары Ибрахим Калын менен жолугушту.

4001

Y2021-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Түркия Респуликасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Президенттик Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, Басма сөз катчысы Ибрахим Калын менен жолугушту.

Тараптар эки тараптуу кызматташууну чыңдоо, 2021-жылы эң жогорку деңгээлдеги расмий иш сапарларды жана Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Стратегиялык Кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин 5-отурумун өткөрүү зарылдыгын белгилешти.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев Бишкек Кыргыз-Түрк Достук мамлекеттик ооруканасын толук кандуу иштетүү, ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү жөнүндө Өкмөттөр Аралык макулдашуунун Түркия Парламенти тарабынан ратификацияланышына көмөк көрсөткөндүгү үчүн түрк тарабына ыраазычылыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK