Элчи Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаарынын Кечиорен муниципалитетинин башчысы Тургут Алтынок менен жолугушту

3778

2021-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетинин башчысы Тургут Алтынок менен жолугушту.

Тараптар Кечиөрен муниципалитети менен Кыргызстандын муниципалитеттеринин ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүү жана иш сапарлары менен алмашуу зарылдыгын белгилешти.

К.Өмүралиев буга чейин муниципалитет тарабынан кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата 2019-жылдын декабрь айында анын атындагы сейил бакка орнотулган бюсту үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар Кечиорен муниципалитетинин имаратынын алдындагы аянтта Манастын эстелигин орнотуу, ошондой эле «Эстергон чеби» деп аталган Түрк маданият борборунан кыргыз элдик чыгармачылыгынын улуттук буюмдарын көргөзмөгө коюу жана сатуу үчүн атайын жай бөлүп берүү боюнча макулдашууну тастыкташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK