Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты Министри К.Иманалиев Түркия Республикасынын жаштар жана спорт Министри Мехмет Мухаррем Касапоглу менен жолугушту

3046

2021-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты Министри К.Иманалиев Түркия Республикасынын жаштар жана спорт Министри Мехмет Мухаррем Касапоглу менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун бир катар актуалдуу маселелерин, тактап айтканда 2020-жылы Изник шаарында өткөрүлүшү пландаштырылып, бирок коронавирус пандемиясынын улам 2022-жылга жылдырылган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү талкуулашты. Министр К.Иманалиев Төртүнчү ДКОдо көк-бөрү оюнун Кыргыз Республикасынын Федерациясынын бекитилген эрежелерине ылайык өткөрүү зарылдыгын белгилеп, кыргыз тарабынын буга чейин Кыргызстанда үч жолу өткөрүлгөн ДКОну уюштуруу жана өткөрүү тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экендигин билдирди.

2018-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын Министрликтери ортосунда түзүлгөн дене тарбия жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруу, ошондой эле жаштар саясаты жаатында кызматташууну кеңейтүү максатында, Министр К.Иманалиев Иш-чаралар планына жана тийиштүү Макулдашууга кол коюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Өз кезегинде Министр М.Касапоглу сунушталган демилгелерди жакынкы арада карап чыгууга даяр экендигин билдирди.

Тараптар спорт жана жаштар саясаты жаатында кыргыз-түрк мамилелеринин бардык тармагында кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экендигин ырасташты.

Жолугушуунун аягында Министр К.Иманалиев түрк кесиптеши М.Касапоглуну Кыргызстанга келип кетүүгө, ошондой эле 2021-жылы сентябрь айында Ош шаарында өтө турган Түрк Кеңешинин Жаш Лидерлеринин Үчүнчү Форумуна катышууга чакырды.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK