Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Эсептөө сотунун Төрагасы Метин Йенер менен жолугушту жана аталган мекеме тарабынан Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын делегациясы үчүн уюштурулган каржылык аудит боюнча семинардын ачылышына катышты

2106

2021-жылдын 20-декабрында Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Эсептөө сотунун Төрагасы Метин Йенер менен жолугушту.

Жолугушуу Түркиянын Эсептөө соту жана ТИКА тарабынан Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын делегациясы үчүн уюштурулган каржылык аудит боюнча семинардын ачылышынын алкагында өттү.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев аталган семинар кыргыз делегациясына финансылык аудит тармагындагы түрк тажрыйбасын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берээрин белгиледи. Элчи стратегиялык мааниге ээ болгон кыргыз-түрк боордоштук мамилелерин жогору баалап, Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы да белгиленип жатканын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын делегациясынын жетекчиси, аудитор А.Байгазаков делегация мүчөлөрүнүн атынан ТИКАнын жардамы менен тажрыйба алмашуу үчүн бул иш-чараны уюштуруп жаткан түрк тарабына ыраазычылык билдирип, окутуунун темасы Кыргызстандын жана Түркиянын жогорку көзөмөл органдары үчүн актуалдуу жана өз ара кызыктуу болгонун белгиледи.

Төрага Йенер Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы боордош мамилелерди жана эки өлкөнүн эсептөө органдарынын тыгыз кызматташуусу зарыл экендигин белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK