2021-жылдын 20-декабрынан 23-декабрына чейин Анкара шаарында кыргыз киносунун жана көрүнүктүү режиссер Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына арналган иш-чаралар өттү

1851

2021-жылдын 20-декабрынан 23-декабрына чейин Анкара шаарында Элчилик менен ТҮРКСОЙ тарабынан уюштурулган кыргыз киносунун жана көрүнүктүү режиссер Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлдү.

Иш-чаралардын алкагында Б.Шамшиевдин өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, режиссёр тууралуу кыска метраждуу даректүү тасма жана анын “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Эрте келген турналар” жана “Ак кеме” аттуу тасмалары көрсөтүлдү.

Иш-чаралардын ачылыш жана жабылышына Элчи Кубанычбек Өмүралиев, Түркия Республикасынын Президентинин Башкы кеңешчиси Ялчын Топчу, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысынын орун басары Билал Чакыжы, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Кинематография департаментинин бөлүм башчысы Айсулуу Субаналиева, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Айтурган Темирова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мурат Мамбетов катышышып, анда “кыргыз киносунун кереметинин” негиздөөчүлөрүнүн бири катары Б.Шамшиевдин кыргыз кино искусствосунун өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымын белгилешип, режиссёр жана аны менен чогуу иштешүү жөнүндө жылуу эскерүүлөрүн айтышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK