Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолугушту

1917

2022-жылдын 24-мартында Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолугушту.

Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана мындан аркы келечегин талкуулашты.

Элчи Өмүралиев эки өлкөдө  жашап турууга уруксат алуу үчүн тарифтерди өз ара төмөндөтүү жана каттамдарды жөнөкөйлөтүү максатында жарандардын чек аралардан ички паспорт менен өтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө сунуштарды карап чыгууну өтүндү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандык жарандарга тиешелүү (кырсыктар, кармоолор, депортация ж.б.) маалыматтарды өз убагында маалымдоо, ар кандай себептер менен мыйзамсыз түрдө жүргөн Кыргыз жарандарына жашап турууга уруксаат кагазын алууга түрк тарабынын көмөк көрсөтүүсү жана  Түркиянын эмгек мыйзамдарын сактоо максатында Кыргызстандын жарандарын ишке орноштурган топторго көзөмөлдү күчөтүүсү боюнча макулдашууга жетишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK