Изник шаарында 11-кылымда шаарды алуу үчүн салгылашууда курман болгон кыргызстандык жоокерлерди эскерүү иш-чарасы өттү

1822

2022-жылдын 15-майында Түркиянын Изник шаарында 11-кылымда шаарды алуу үчүн салгылашууда курман болгон кыргызстандык жоокерлерди эскерүү иш-чарасы өттү. Иш чара Стамбулдагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү тарабынан жыл сайын уюштурулуп келет.

Иш чарага Элчи Кубанычбек Өмүралиев, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Лира Сыдыкова, Изник районунун башчысы Режаи Карал, Изник шаарынын Вице-мэри Халил Чакыр, ошондой эле Стамбул, Анкара, Бурса, Анталия жана Түркиянын башка аймактарында жашап жана окуп жаткан Кыргызстандын 300дөн ашуун жарандары катышышты.

Ачылыш сөзүндө Элчи Кубанычбек Өмүралиев иш чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, мекендештердин мындай жолугушууларын өткөрүү өлкөнү алдыга жылдыруу, тарыхый эстутумду сактоо, өлкөдө улуттук ынтымакты жана биримдикти, анын ичинде элдердин ортосундагы достукту чыңдоо үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Элчи Өмүралиев Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер (КР менен ТРнын Өкмөттөрүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө Макулдашуу, ага ылайык мыйзамдуу иштеген жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн эки өлкөнүн жарандары Кыргызстан да, Түркияда да пенсия жана жөлөк пул алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, балдардын чет элдик паспортунун мөөнөтүн 3 жылдан 5 жылга чейин узартылышы ж.б.) тууралуу маалымат берди.

Иш чаранын алкагында кыргыз жоокерлерине куран окулуп, улуттук спорттук оюндар ойнотулуп, кыргыз ашканасынын даамдары менен пикник уюштурулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK