Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркия парламентинин депутаттары менен жолугушту
2022-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинде Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттары Шамиль Айрим (Стамбул), Мехмет Эрдоган (Газиантеп) жана Явуз Субаши (Балыкесир) менен жолугушту.
Жолугушууда эки тараптуу кыргыз-түрк кызматташтыгынын, анын ичинде эки өлкөнүн парламенттер аралык өз ара аракеттенүүсүнүн маселелери талкууланды.
Жогорудагы депутаттар Түркиянын ар кайсы аймактарынын өкүлдөрү экенин эске алып, Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда аймактык кызматташтыкты бекемдөө боюнча макулдашууга жетишилди.
Ошондой эле тараптар Түркияда Кыргыз Республикасын таанытуу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү макулдашышты.