Элчи Руслан Казакбаев Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер биримдигинин Башкы катчысы Фахри Солак менен жолугушту

755

2023-жылдын 12-январында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Руслан Казакбаев Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер биримдигинин Башкы катчысы Фахри Солак менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын аймактар аралык, боордош шаарларынын мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн жана бекемдөөнүн келечегин талкуулашты.

Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы боордош шаарлардын өнөктөштүгүнүн алкагында айрыкча мектептерди, бала бакчаларды жана ооруканаларды куруу боюнча биргелешкен социалдык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Маалымат катары: Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер биримдиги (TDBB) 2003-жылдын 12-ноябрында жалпы географиялык, тарыхый жана маданий баалуулуктарга ээ болгон түрк тилдүү мамлекеттердин шаарлары жана аймактары менен иш алып баруу максатында түзүлгөн. Бул тууралуу чечим 2000-жылы Азербайжанда өткөн түрк тилдүү мамлекеттердин саммитинде кабыл алынган. Уюмдун башкы кеңсеси Стамбулда жайгашкан. Биримдик 30 өлкөдөн 1200 мүчө-муниципалитеттеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча программаларды жана долбоорлорду ишке ашырат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK