Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Юсуф Беязит менен жолугушуу

190

Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты, «Кыргызстан-Түркия» парламенттер аралык достук тобунун жетекчиси Юсуф Беязит Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигине келип, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Р.А.Казакбаев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын кеңири чөйрөсү, Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы парламенттер аралык мамилелерди мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча пландар, ошондой эле көп тараптуу платформаларда мамлекеттердин өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Элчи Р.Казакбаев Түркия Республикасында өткөн Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрү жөнүндө кеңири айтып, келерки жылы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да арттыруу, ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу пландары, соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө маалымдады.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө үчүн эки тараптуу кыргыз-түрк өнүктүрүү фондун эртерээк түзүүнүн маанилүүлүгүн талкуулашты.

Кыргыз тарап Кыргызстандын жарандарынын Түркия Республикасынын аймагында жүрүү шарттарын жеңилдетүүгө багытталган бир катар сунуштарды оң кароого Түркия парламентине көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын 150 жаранын Түркиянын медициналык мекемелеринде жыл сайын бекер дарылоону жана берилген квотаны жылына 500 адамга чейин кеңейтүүнү караган саламаттыкты сактоо жана медицина илимдери жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу жана көп тараптуу парламенттер аралык мамилелерди мындан ары тереңдетүү жана өнүктүрүү, анын ичинде парламенттик делегациялардын өз ара иш сапарларын уюштуруу боюнча макулдашууларга жетишилди.

  • Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты, «Кыргызстан-Түркия» парламенттер аралык достук тобунун жетекчиси Юсуф Беязит Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигине келип, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Р.А.Казакбаев менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK