Элчи Руслан Казакбаев Хажы Байрам Вели атындагы Анкара университетинин проректору профессор Куршат Гөктүрк менен жолугушту

224

2023-жылдын 11-декабрында Элчи Руслан Казакбаев Хажы Байрам Вели атындагы Анкара университетинин проректору профессор Куршат Гөктүрк менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар бул окуу жайда билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин окуу жана жашоо шарттарын талкуулашты. Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү кеңешинин маалыматы боюнча, 2022–2023-окуу жылында бул окуу жайда Кыргызстандан 37 студент билим алууда.

Тараптар Хажы Байрам Вели атындагы Анкара университетинде Кыргызстандан билим алып жаткан студенттердин санын көбөйтүү боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүү зарылчылыгы боюнча бирдиктүү пикирлерин билдиришти.

Андан ары тараптар билим берүү жана илим тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелерине токтолушту. Атап айтканда, Кыргызстандын жогорку окуу жайлары менен түрк университетинин ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана мындан аркы келечегин карап чыгышты. Бул контекстте түрк тарап Кыргызстандын алдыңкы мамлекеттик университеттери менен кызматташууга жана тыгыз өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдирди.

Элчи Руслан Казакбаев түрк тарапка 2024-жылы Кыргыз Республикасындагы маанилүү даталарды белгилөө боюнча Элчилик тарабынан пландаштырылган иш-чаралар тууралуу маалымат берди. Мунун негизинде тараптар түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бөлүгү болгон Кыргызстанды таанытуу максатында маданий, илимий жана билим берүү иш-чараларын биргелешип уюштурууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK