2019-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиевдин Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу болуп ѳттү.

5046

2019-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиевдин Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу болуп ѳттү.

К.Омуралиев жана М.Шентоп Кыргызстан менен Түркиянын парламенттер аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгилешти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Тѳрагасы Д.Жумабековдун Түркияга боло турган расмий сапары эки тараптуу кызматташууга жаӊы импульс бере тургандыгын айтып ѳтүштү.

Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын парламенттер аралык достук Тобунунун Кыргызстанга жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук Комитетинин делегациясынын Түркияга боло турган сапарларын талкуулашты.

Парламенттер аралык кызматташуу менен бирге, тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелерин, анын ичинде 2019-жылдын 17-18 июлунда Анкара шаарында ѳткѳрүлѳ турган Кыргыз-Түрк Соода-экономикалык кызматташуунун Ѳкмѳттѳр аралык комиссиясынын 9-чу жыйынын ѳкѳрүү маселесин талкуулашты.

Изникти каратууда шейит болгон кыргыз жоокерлеринин урматына арналган "Кыргыздар күмбѳзү" жөнүндө К.Омуралиевдин маалыматына, М.Шентоп үстүбүздѳгү жылдын август айында "Кыргыздар күмбѳзүнѳ" барып Изник шаарынын жетекчилери менен аны жайылтуу маселесин талкууга ала тургандыгы боюнча ниетин айтып ѳттү.

Маалымат катары:Изник шаары (эски аталышы-Никея) Стамбул шаарынын түштүгүнѳ 120 км. чакырым алстыкта жайгашкан. Учурдагы Изниктин аймагындагы үч кесилиш жолунда, жергиликтүү калкка «Кыргызлар тюрбеси» же болбосо 13-кылымдагы Изникти каратууда шейит болгон кыргыз жоокерлеринин эстелиги деп таанылган күмбѳз жайгашкан. Анадолу түрктөрү менен ийиндеше согушкан кыргыз жоокерлери күмбѳздү акыркы баш калкалаар жер катары табышкан. Алар биринчилерден болуп өткүз чепке кирип келгендиги үчүн, 13-кылымдын аягында Султан Осман Гази башкарып турган учурда жоокерлердин урматына күмбѳз курулган.

2006-жылы Күмбөздүн жанына скульптор Т.Садыков тарабынан жасалган кыргыз баатырынын эстелиги тургузулган.

 

  • 2019-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиевдин Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу болуп ѳттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK