2024-жылдын 5-апрелинде Самсун шаарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев «19-Май» университетинин ректору Явуз Унал менен жолугушту

154

2024-жылдын 5-апрелинде Самсун шаарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев «19-Май» университетинин ректору Явуз Унал менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагындагы кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулашты, ошондой эле бул кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин белгилешти. Түрк тарап Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тесттерин мындан ары «19-Май» университетинде таануу максатында изилдөөгө кызыкдар экенин билдирди.

«19-Май» университетинин ректору Я.Унал кыргызстандык студенттердин ар кандай көйгөйлөрүн чечүүдө максималдуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. «19-Май» университети менен эскирген келишимдерди кайра карап чыгуу, ошондой эле Кыргызстандын алдыңкы университеттери менен жаңы келишимдерди түзүү боюнча макулдашуулар түзүлдү.

Элчи белгилегендей, тиешелүү Макулдашуунун түзүлүшү тараптарга ар кандай багыттар боюнча кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө мүмкүндүк берет, анын ичинде окутуучуларды жана илимий кызматкерлерди алмашуу, билим берүүнүн ар кандай деңгээлдериндеги студенттердин академиялык алмашуусу, биргелешкен илимий иш-чараларды уюштуруу, илимий иш-чараларды өткөрүү, семинарларды жана конференцияларды, ошондой эле академиялык, илимий-техникалык жана педагогикалык мүнөздөгү окуу материалдарын, маалымат жана документтерди үзгүлтүксүз алмашуу.

Жолугушуунун соңунда элчи Руслан Казакбаев профессор, доктор Явуз Уналды Кыргыз Республикасына келип кетүүгө чакырды. Өз кезегинде Я.Унал Кыргыз Республикасына келүүгө кызыкдар экенин билдирди.

  • 2024-жылдын 5-апрелинде Самсун шаарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев «19-Май» университетинин ректору Явуз Унал менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK