Элчи Руслан Казакбаев Гватемала Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Эдуардо Эрнандес Ресинос менен жолугушту

378

2024-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Гватемала Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Эдуардо Эрнандес Ресинос менен жолугушуусу өттү.

Элчи Руслан Казакбаев Эрнандес Ресиносту Гватемаланын Түркиядагы Элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Гватемаланын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын бардык аспектилери боюнча активдүү кызматташууга даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-гватемала кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган түрдүү чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти.

Тараптар Кыргызстан менен Гватемала ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү зарылдыгын өз ара белгилешти.

  • Элчи Руслан Казакбаев Гватемала Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Эдуардо Эрнандес Ресинос менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK