Элчи Кубанычбек Өмүралиев Кыргыз-Түрк Өнөр-жай форумунун видеоконференциясына катышты

3421

2020-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Кыргыз Республикасынын Өнөр-жай палатасы менен Түркиянын Соода палаталары жана товардык биржалар Союзунун ортосундагы Кыргыз-Түрк Өнөр-жай форумунун түрк тарабынын мүчөлөрү-бизнесмендери менен видеоконференцияга катышты. 

Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Өмүралиев катышуучуларга Кыргызстандагы экономикалык кырдаал, өлкөбүздө инвесторлорду жана ишкерлерди коргоо жана колдоо үчүн көрүлүп жаткан чаралар, анын алкагында КРнын Өкмөтүнүн жана Тышкы иштер министрилигинин жетекчилеринин Бишкекте жана региондордо ишкерлер менен жолугушуулары жөнүндө маалымат берди. К.Өмүралиев түрк бизнесмендерин биздин өлкөнүн экономикасына активдүү инвестициялоого чакырды.

Жогоруда айтылган чаралардын практикалык кадамы катары К.Өмүралиев ишкерлердин ишмердүүлүгүн жеңилдетүүгө багытталган КРнын мамлекеттик мекемелери тарабынан бизнести текшерүүгө тыюунун дагы бир жылга башкача айтканда 2022-жылга чейин  узартылганын белгиледи.

Ошондой эле түрк ишкерлери менен 2021-жылы КРнын Ысык-Көл облусунда эки өлкөнүн бизнесмендеринин катышуусу менен Кыргыз-Түрк Бизнес-форумун өткөрүү маселеси талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK