Саясий кызматташтык

Кыргыз-венгер мамилелери

Венгрия 1991-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын тааныган. Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 16-апрелинде түзүлгөн.

2020-жылдын февраль айында Бишкекте Венгриянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин ачылышы болду. Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ш.Дороги Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго ишеним грамотасын тапшырды.

2021-жылдын октябрында Будапештте Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилигинин ачылышы болду. 2022-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчиси Т.Кушчубеков Венгриянын Президенти Й.Адерге ишеним грамотасын тапшырды.

Саясий кызматташтык

Кыргыз Республикасы менен Венгриянын кызматташтыгы жогорку деңгээли менен мүнөздөлөт жана прогрессивдүү кыймылга ээ. Өзгөчө 2015-2021-жылдары Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы мамилелердин деңгээли абдан динамикалуу жана интенсивдүү, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда. Ошону менен бирге эки тараптын андан ары кеңейтүү үчүн ишке ашпаган потенциал бар. Ушуга байланыштуу эки өлкө эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташууга олуттуу кызыкдар.

Кыргыз Республикасы менен Венгриянын кызматташтыгы жылдарында 5 жогорку деңгээлдеги иш сапарлар болуп өттү: Венгриянын Президенти А.Гонцтун Кыргыз Республикасына 1 расмий сапары (1997-ж.), Кыргыз Республикасынын Президенттеринин Венгрияга 3 расмий иш сапары (1998, 2011, 2020-жж.), Венгриянын

Жогоруда белгиленгендей, эки мамлекеттин тарыхында Венгриянын Премьер-министри В.Орбан Кыргыз Республикасына биринчи расмий иш сапары менен келген. 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышы жана Чолпон-Атадагы ТМКК саммити анын катышуусунун алкагында болгон.

2020-жылдын 28-29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Венгрияга расмий сапары болуп өттү. Бул сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Биргелешкен декларацияга кол коюлду. Кыргызстан биринчи жолу Батыш мамлекети менен мындай стратегиялык деңгээлдеги алака түздү. Ошентип, КР Президентини Венгрияга болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстанда Кыргыз-Венгрия өнүктүрүү фондун түзүү боюнча меморандумга кол коюлду. Маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыктын алкагында акыркы жылдардагы маанилүү жетишкендиктердин бири болуп Венгриянын ЖОЖдорунда окуу үчүн квотаны 75тен 200 орунга чейин көбөйтүү боюнча макулдашуу болду.

Парламенттер аралык байланыштар динамикалуу өнүгүп жатат. Эки өлкөнүн парламенттеринде достук топтору түзүлдү.

2011-жылдын 1-сентябрында Венгриянын Улуттук ассамблеясынын депутаты, Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуу жана достук боюнча парламенттик топтун төрагасы Ф.Папчак Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди. Тараптар жогорку жана жогорку деңгээлдеги визиттерди үзгүлтүксүз алмашып турушат, парламенттер аралык активдүү диалог жүргүзүлүүдө, ведомстволор аралык кыргыз-венгир байланыштары динамикалуу өнүгүп жатат. Бардыгы болуп 1993-жылдан бери тышкы иштер министрликтеринин жетекчилигинин деңгээлинде 14 өз ара визиттер жана жолугушуулар өткөрүлдү, анын ичинен 5 өз ара расмий сапарлар (1996, 2008, 2016, 2019 жана 2020-ж.).