Нотариалдык маселелер

Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилигинде нотариалдык кызматтарды алуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары Элчиликте Консулдук каттоодон өтүшү керек.

Консулдук каттоодо турбаган жарандар нотариалдык иш-аракеттерди жасоо жөнүндө арыз менен бирге консулдук каттоого туруу жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.

Консулдук каттоо жөнүндө толук маалыматты Консулдук каттоо бөлүмүнөн маалымат алсаңар болот.

Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилиги өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде арыз ээсинин атынан ишеним каттарды берүү жана Кыргыз Республикасындагы юридикалык аракеттерди жүргүзүү жөнүндө арыздарды күбөлөндүрүү түрүндө нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзө алат.

Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу башка нотариалдык аракеттер да каралышы мүмкүн.

Нотариалдык иш-аракеттер Элчиликте арыз ээсинин жеке катышуусу жана төмөнкү документтерди берүү менен гана жүргүзүлөт:

1. Толук аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, электрондук почта дареги көрсөтүлгөн талап кылынган документти тариздөө үчүн арыз.

2. Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы паспорту.

3. Кыргыз Республикасынын жаранынын, ишенимдүү адамдын паспортунун көчүрмөсү.

4. Документтин түрүнө жараша төмөнкүлөр берилет:

- жашы жете элек баланы чет өлкөдө коштоп жүргөн учурда туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү жана баланын жарандык паспортунун көчүрмөсү.

- кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү башкаруу укугуна карата - укук белгилөөчү документтин көчүрмөсү (каттоо күбөлүгү, үй китепчеси, транспорт каражатынын каттоо күбөлүгү, сатып алуу-сатуу келишими ж.б.).

5. Консулдук жыйымдар 10 АКШ долларын түзөт, Банктын комиссиялык кызматтары кардардын эсебинен жүргүзүлөт, б.а. бул суммага кирбейт (банктык реквизиттерди бул жерден көрүүгө болот).

Маанилүү маалымат:

6. Арыз ээлерине ыңгайлуу болушу үчүн ишеним кат берүүгө арыздарды алгачкы кабыл алуу kgembassy.hu@mfa.gov.kg электрондук почтасы аркылуу, ишеним каттын текстин алдын ала бекитүү үчүн жана келүү жана документке кол коюу датасы жана убактысы белгиленет.