Саясий кызматташтык

КР менен БУУнун кызматташтыгы

Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын (БА) 46/225 резолюциясына ылайык 1992-жылдын 2-мартынан тартып кирген.

Кыргыз Республикасы  БУУну абройлуу жана ар тараптуу эл аралык уюм катары тааныйт. БУУ тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо, улуттар аралык достук мамилелерди өнүктүрүү, өнүгүү проблемаларын чечүүдө кызматташтыкты ишке ашыруу, жакырчылыкты кыскартуу, адам укуктарын коргоого көмөктөшүү, айлана-чөйрөнү коргоо, ар кандай дарттар менен күрөшүү жана башка адамзаттын башына түшүүчү чакырыктарды жана көйгөйлөрдү чечүү борбору болуп саналат.

Кыргызстан менен БУУнун ортосунда адамзаттын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга байланышкан көптөгөн багыттар боюнча тыгыз өнөктөштүк мамилелер түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын БУУ менен бирге кызматташуусу тышкы саясий багыттуу өлкө үчүн: тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча резолюцияда белгиленген абалдарды ишке ашыруу, тоолуу өлкөлөрдө жакырчылыктан чыгууга көмөктөшүү, социалдык-экономикалык маселелер блогу, терроризм, бангизаттар менен күрөшүү, коопсуздук жана куралсыздандыруу көйгөйлөрү, Афганистан боюнча маселелердин комплекси, суу-энергетика ресурстары, уран калдыктарын рекультивациялоо, тынчтыкты камсыз кылуучу операциялар ж.б. ушул сыяктуу  приоритеттүү призма аркылуу каралат.

Кыргыз Республикасынын БУУга мүчө болгондон берки кыйла маанилүү окуялары – БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан кыргыз тарап демилгелеген резолюциялардын кабыл алынышы болду, алар:

  • “Манас” эпосунун миң жылдыгын белгилөө, 1995-жыл”
  • “Эл аралык Тоолор жылы”, 2002” (53-сессия);
  • “Эл аралык Тоолор жылына карата даярдыктын жүрүшү” (55-сессия)
  • Жакырчылыкта калган тоолуу өлкөлөрдө социалдык-экономикалык жана экологиялык тармактар боюнча болуп жаткан тоскоолдуктарды жоюуда көмөк көрсөтүү” (59-сессия);
  • “Тоолордун туруктуу өнүгүүсү” (60, 62, 64, 66, 70-сессиялар);
  • “Кыргыз мамлекетинин эгемендигин майрамдоо” (57-сессия);
  • “Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүктүн күнү” (62-сессия);
  • “Борбордук Азияда радиациялык коркунучту болтурбоодо эл аралык коомчулуктун ролу жөнүндө” (68-сессия) жана  Борбордук Азияда ядролук куралсыз эркин аймактар боюнча бир катар резолюциялар.

Ошондой эле, Башкы Ассамблея тарабынан 2017-жылдын 11-декабрында кабыл алынган “Тынчтыкты сактап калуу үчүн диний аралык жана маданий сүйлөшүүлөрдү, өз ара түшүнүшүүлөрдү жана кызматташууну демилгелөө” резолюцияда 2016-жылдын сентябрында Кыргызстандагы Ысык-Көлдүн жээгинде социалдык биримдикти, тынчтыкты жана өнүгүүнү бекемдөөгө түрткү берүү үчүн уюштурулган Көчмөндөрдүн Бүткүл дүйнөлүк экинчи оюну жактырылды.

Мындан тышкары, 2018-жылдын 22-июнундагы «Борбордук Азия региондорунда тынчтыкты, туруктуулукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу максатында регионалдык жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө» боюнча БУУ БА       өзүнүн резолюциясында маданий аралык сүйлөшүүлөрдү өнүктүрүү максатында Көчмөндөрдүн Бүткүл дүйнөлүк оюндарын үзгүлтүксүз негизде өткөрүп турууну колдогон.

Жогоруда айтылган демилгелер дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн глобалдык деңгээлде болуп жаткан көйгөйлөргө, анын ичинде тоолуу өлкөлөргө, ошондой эле Кыргызстандын маданиятына жана тарыхына бурдурууга өбөлгө болду.

Кыргыз Республикасы БУУнун бардык адамзаттын, анын ичинде калктын аялуу топтору – балдар, аялдар, жаштар, кары-картаңдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга басым коюу менен алардын кызыкчылыктарында туруктуу өнүгүүнү камсыздоо үчүн жакырчылыктан чыгуу стратегияларын талкуулоого багытталган социалдык маселелер боюнча башкы комиссиялардын иштерине катышуу алкагында, социалдык маселелер жана адам укуктары боюнча жигердүү иштерди жүргүзүп келет.

Ошондой эле Кыргызстан БУУнун КТУ БУУ жана ИД КТК БУУ КК сыяктуу тийиштүү түзүмдөрү, КР менен кызматташууну бекемдөө маселелери боюнча (КТУ ООН, ПРООН, УНП ООН, ИД КТК) сыяктуу тийиштүү органдары жана мекемелери менен терроризмге каршы күрөшүүдө КР дараметин арттыруу үчүн кызматташып келет.

БУУнун Регионалдык борбору Ашхабадда превентивдүү дипломатия боюнча жемиштүү кызматташуу жүзөгө ашырылууда.  Ошондой эле Кыргызстан куралсыздандыруу маселеси боюнча БУУ Департаменти менен жана Борбордук Азияда, айрыкча ядролук куралсыз аймактар боюнча массалык түрдө жок кылуучу куралдарды таратпоо  жаатында тынчтык жана куралсыздандыруу маселелери боюнча анын Регионалдык борбору менен тыгыз иштейт. Кыргызстан БАнын беш өлкөсү тарабынан ратификациялангандан кийин 2009-жылдын 21-мартында күчүнө кирген Борбордук Азиядагы ядролук куралсыз аймактар тууралуу Келишимдин депозитарийи (ДЗСЯОЦА) болуп калган.

КР бир нече жолу БУУнун жана анын адистештирилген мекемелеринин , ар кандай шайлануучу органдарында шайланып келген, алар: БУУ БАнын Башкы комитети, БУУнун адам укуктары боюнча кеңеши, ЮНЕПти башкаруу кеңеши, Конференциялар боюнча кеңеши, ПРООН/ЮНФПА аткаруу кеңеши, БУУнун Өкмөттүк эмес уюмдарынын комитети, Бангизаттар боюнча комиссиясы, Кылмыштуулуктун алдын-алуу жана   жазык адилеттиги боюнча комиссиясы, Аялдардын абалы боюнча комитет, Эл аралык телекоммуникациялык союз, Электр байланышынын эл аралык радиорегламенттик комитети, БУУнун экономикалык жана социалдык кеңеши жана  ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарын коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитети.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасы 2016-2018-жылдарга БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү болуп саналат., ал эми 2017-жылдын апрелинен тартып 2018-2021жылдарга БУУнун Баңгизат каражаттары боюнча комиссиясынын мүчөсү болуп шайланган. Мындан тышкары 2019-2021жылдарга ЮНКТАДга караштуу эсепке алуу жана отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча эксперттердин өкмөттөр аралык тобуна Кыргыз Республикасынын өкүлү кайрадан шайланды.

Азыркы учурда КР БУУнун Коопсуздук кеңешине туруксуз мүчө катары 2027-2028-жылдарга карата өзүнүн кандидатурасын коюп жатат.

Эгемендүүлүк алгандан бери Кыргыз Республикасына өзүнүн өкүлчүлүктөрүн төмөнкү адистештирилген мекемелер, уюмдар жана БУУнун программалык тутумдары ачты, булар: БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН), БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), БУУнун Калк боюнча фонду, «БУУ-Аялдар» түзүмдөрү, БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы (УВКБ), Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы,(УВКПЧ), БУУнун Банги заттарды жана кылмыштуулукту контролдоо боюнча башкармалыгы (УНП), Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму (ВОЗ) ж.б.

Кыргызстан БУУнун тынчтыкты орнотуучу операцияларына катышып келет, 1998-жылы 150гө жакын өзүнүн өкүлдөрүн (КР аскер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин) БУУнун ар кандай тынчтыкты орнотуучу миссияларына, анын ичинде Сьерра-Леона, Либерига, Косового, Суданга, Чыгыш Тиморго, Эритрей/Эфиопияга, Гаитиге жана Чадга жиберүү менен активдүү катышкан. Азыркы учурда Кыргызстандан барган тынчтыкты орнотуучу күчтөр Дарфурда, Түштүк Суданда жана Альбейде кызмат өтөп жатышат.

Ошентип КР менен БУУнун ортосунда эки тарапка тең пайдалуу жана жемиштүү кызматташуу ишке ашырылууда, мындай аракеттер Кыргызстанга эл аралык актуалдуу маселелерди чечүүдө жана ошол эле учурда өлкөнү туруктуу өнүктүрүү маселесинде БУУ тарабынан колдоого ээ болуусуна мүмкүндүк берет.