Экономикалык дипломатия

3436

Экономикалык дипломатиянын алкагында жана Кыргыз Республикасынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү, ошондой эле ата мекендик продукциясын сатуунун потенциалдуу рынокторун издөө максатында 2021 -жылдын 27-августунда Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.М.Осомналиев жана Азербайжанда «Дары Тянь –Шаня» компаниясынын кыргыз балынан продукцияларын сатуучу соода-көргөзмө ишкердиктин комплексинин директору Р.Гулиев жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи К.М.Осмоналиев маектешке Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан экспорттук мүмкүнчүлүктөрдүн үзгүлтүксүз ишке ашырылышы жана жакшыртылышы, ошондой эле тышкы рыноктордо кыргыз өндүрүшчүлөрүнүн продукциясынын ассортиментинин кеңейиши жөнүндө маалымат берди.

Өз кезегинде Р.Гулиев Азербайжанда бал азыктарын күйөрмандары арасында кыргыз балы жакшы суроо-талапка ээ экенин белгиледи. Тараптар кыргыз продукциясын илгерилетүүдө өз ара колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле . азербайжан тарабынан уюштурулган ар кандай көргөзмөлөргө, жарманкелерге ж.б катышууга макул болушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK