2022-жылдын 14-мартында Тбилиси шаарында консулдук иш сапары жана жарандар менен жолугушуу уюштурулду

2147

2022-жылдын 14-мартында Тбилиси шаарында Кыргыз Республикасынын жарандарынын (Элчиликтин консулдук округунда жашаган) мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында консулдук иш сапары жана жарандар менен жолугушуу уюштурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө жарандарга бир катар консулдук кызматтар көрсөтүлдү, анын ичинде жарандык паспортторду алмаштырууга арыздарды кабыл алуу жана берүү, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү, мекенине кайтуу тууралуу күбөлүктөрдү берүү, ошондой эле консулдук каттоо жана нотариалдык иш-аракеттер көрсөтүлдү.

Ошондой эле, Элчилик өз ара сооданы көбөйтүү жана оптималдуу логистикалык чечимдерди табуу перспективаларын талкуулоонун алкагында Грузияда иштеген кыргызстандык ишкерлер менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Атап айтканда, КР Автоимпортчулар ассоциациясынын төрагасы - «Автосейл» ишканасынын директору Т.Кожокулов, КР Автоимпортчулар ассоциациясынын орун басары - «Lion Trans KG» ишканасынын директору Э.Мадалиев жана «Autocom Japan Geo» ишканасынын жетекчиси А.Токтоназаров менен «Грузия-Азербайжан-Казакстан-Кыргызстан» маршруту боюнча Каспий деңизи аркылуу ж.б. транспорттук коридорлордун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Ошону менен бирге ата мекендик продукцияны Грузияга, андан ары Европа өлкөлөрүнө экспорттоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун катышуучулары бул маселелер боюнча тыгыз байланышта болууга жана өз ара потенциалды пайдалануу менен кыргыз жана грузин ишкерлеринин ортосунда тиешелүү B2B жолугушууларын уюштурууга макулдашышты.

  • 2022-жылдын 14-мартында Тбилиси шаарында консулдук иш сапары жана жарандар менен жолугушуу уюштурулду
  • 2022-жылдын 14-мартында Тбилиси шаарында консулдук иш сапары жана жарандар менен жолугушуу уюштурулду
  • 2022-жылдын 14-мартында Тбилиси шаарында консулдук иш сапары жана жарандар менен жолугушуу уюштурулду

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK