Элчи К.М.Осмоналиев Азербайжан Республикасынын чакан жана орто бизнести өнүктүрүү Агенттигинин Башкамалыгынын төрагасы Орхан Маммадов менен жолугушту

1346

Элчи К.М.Осмоналиев Азербайжан Республикасынын чакан жана орто бизнести өнүктүрүү Агенттигинин Башкамалыгынын төрагасы Орхан Маммадов менен жолугушту.

2022-жылдын 14-июлунда Элчи К.М.Осмоналиев Азербайжан Республикасынын чакан жана орто бизнести өнүктүрүү Агенттигинин Башкармалыгынын Төрагасы Орхан Маммадов менен жолугушту. Азербайжан Республикасынын чакан жана орто бизнести өнүктүрүү Агенттигинде өткөн жолугушууда Орхан Маммадов экономикалык чөйрөдө эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө чоң маани берип, учурда эки тараптуу кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу маселеси көтөрүлүп жатканын белгиледи. Ал меморандумда Азербайжан Республикасынын аталган Агенттиги  жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын орсотундагы кызматташуу маселелери каралат.

Өз кезегинде, Элчи Осмоналиев эки тараптуу ишкердик байланыштарды арттырууга, Бакуда өтүүчү Өкмөттөр аралык комиссиянын (МПК) 4-жыйынында Агенттиктин ролуна жана катышуусуна, Азербайжанда Кыргызстандын Соода үйүн ачууда Агенттик тараптан көмөк көрсөтүүсүнө басым жасады. Ошондой эле  Кыргызстандын азык-түлүк, айыл чарба, өнөр жай, ошондой эле тигүү жана текстиль буюмдарын экспорттоочу компаниялар жөнүндө маалыматты камтыган  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу УИА тарабынан даярдалган «Кыргыз Республикасынын экспорттук продукциялары» жарнамалык брошюрасын жайылтууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Баку шаарына болгон расмий иш сапарынын алкагында үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде өткөн бизнес-форумда сунушталган инвестициялык климат жана долбоорлор боюнча презентация материалдарын  жайылтууга көмөк көрсөтүүсүн суранды.

  • Элчи К.М.Осмоналиев Азербайжан Республикасынын чакан жана орто бизнести өнүктүрүү Агенттигинин Башкамалыгынын төрагасы Орхан Маммадов менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK