2022-жылдын 5-июлунда Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер мырзанын чакыруусу менен Германияда аккредиттелген дипломатиялык корпус менен бирге Бавария федералдык жерине жумушчу сапары менен барды.

1309

Иш-чаранын алкагында дипломатиялык корпустун өкүлдөрү аэрокосмос жана энергетика өнөр жайы үчүн турбиналарды, мунай-газ, химиялык жана кеме куруу тармактары үчүн бурма насосторду жана башка өндүрүштүк жабдууларды чыгаруучу “Leistritz AG” компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мындан тышкары, климаттын бейтараптыгына жетишүү, энергиянын кайра жаралуучу булактарын туруктуу жана жеткиликтүү пайдалануу, суутек жана күн энергиясы менен байланышкан материалдардын моделин иштеп чыгуу жана өндүрүү боюнча чечимдерди изилдөө менен алектенген Гельмгольц кайра жаралуучу энергия булактары институтуна барып ишмердүүлүгү менен таашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK