Кыргыз диаспорасы Германиянын Гессен федералдык аймагынын борборунда болуп өткөн 45-Эл аралык жайкы фестивалына катышты.

1047

Кыргыз диаспорасы Германиянын Гессен федералдык аймагынын борборунда болуп өткөн 45-Эл аралык жайкы фестивалына катышты.

2022-жылдын 10-сентябрында “Kyrgyz Rhein Main Verein e.V” уюму тарабынан Германиянын Висбаден шаарында 45-Эл аралык жайкы фестивалында кыргызстандыктардын катышуусу уюштурулду. Диаспорнанын чакыруусу менен иш-чарада Кыргыз Республикасынын Майндагы Франкфурт шаарындагы Консулу Чубак Оморов катышты.

Кыргыз диаспорасы тарабынан боз үй курулуп, улуттук ашкананын тамктары даярдалып, элдик музыкалык чыгармалар жана бий тартууланды.

Кыргыз боз үйү фестивалдын конокторунун көбүнүн көңүлүн өзүнө өзгөчө буруп, даярдалган улуттук тамактар конокторду кайдыгер калтырган жок.  Өз учурунда, Висбаден шаарынын мэри Герт-Уве Менде жана жергиликтүү парламенттин мүчөлөрү боз үйгө киришип, кыргыз диаспорасына катышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдиришти.  

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK