Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Эринес Оторбаев Саксония Федералдык жеринин Мамлекеттик министри Оливер Шенк менен жолукту

5693

Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Эринес Оторбаев Саксония Федералдык жеринин Мамлекеттик министри Оливер Шенк менен жолукту

 

2020-жылдын 12-февралында Дрезден шаарында, кыргыз тарабынын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эринес Оторбаев Мамлекеттик канцеляриянын жетекчиси, Саксония Федералдык жеринин Мамлекеттик министри Оливер Шенк мырза менен жолугушуу өткөрүп, анын жүрүшүндө Саксония менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштардын мүмкүнчүлүктөрү жана пландары талкууланды.

 

Өзгөчө көңүл айыл чарба жана коопертивдик системалардын өз ара аркеттенүүсүнө бурулуп, ошондой эле 2004-жылы башталып азыркы жылдарга чейин ийгиликтүү уланып жаткан, Кыргыз-Герман так информатика институту менен Батыш-Саксон так илимдер Цвиккау Университетинин ортосунда баардык тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөнүн мааниси баса белгиленди.   

 

Кыргыз Республикасынын Элчиси Эринес Оторбаев Саксониянын делегациясын жана ишкерлер өкүлдөрүн Кыргызстанда ушул жылдын июль айында боло турган Европа Бирлиги-Борбор Азия биринчи экономикалык форумуна чакырды, ошондой эле башка биргелешкен
иш-чаралар боюнча пландар коюлду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK