2021 жылдын 16-17 октябрында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Эрлан Абдылдаев Франкфурт -на -Майне (Гессен федералдык жери) жана Бонн (Түндүк Рейн-Вестфалия) шаарларында жашаган мекендештер менен болгон жолугушууларга катышты.

2576

2021 жылдын 16-17 октябрында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Эрлан Абдылдаев Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин консулдук кызматкерлери менен бирге Франкфурт -на -Майне (Гессен федералдык жери) жана Бонн (Түндүк Рейн-Вестфалия) шаарларында жашаган мекендештер менен болгон жолугушууларга катышты.

Франкфурт -на -Майне шаарында жолугушуу, ошондой эле кыргыз тилинде "БИЗ" деген сөздү билдирген, ошол эле учурда “Билим берүү, демилге, кызматташуу" деген немис сөздөрүнүн кыскартылышы болуп саналган “BIZ – БИЗ” Гессендеги Кыргызстандыктардын коомдук бирикмесинин расмий бет ачарына карата уюштурулду.

БИЗди түзүүнүн негизги максаты билим берүү демилгелерин, билим берүү тармагындагы долбоорлорду, ошондой эле Германия менен Кыргызстандын ортосундагы ар кандай маданий -гуманитардык тармактарда кызматташууну колдоо жана көмөктөшүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси мекендештерибизге биздин мамлекет үчүн гуманитардык акцияларга үзгүлтүксүз катышып жаткандыгы үчүн чын дилинен ыраазычылыгын билдирди. Германияда түзүлгөнүнө жана катталганына аз убакыт болгонуна карабастан, “БИЗ” Кыргызстан үчүн жемиштүү жана пайдалуу иштерди аткарды. 2020-жылдын жаз-жай айларында Кыргызстанда коронавирус эпидемиясына байланыштуу кырдаалдын курчушунда “БИЗ” Германиядагы башка кыргыз диаспора уюмдары менен биргеликте, Кыргыз Республикасындагы коомдук уюмдардын бири аркылуу азык-түлүк пакеттерин таркатуу түрүндө Кыргыз Республикасындагы аз камсыз болгон калкка жардам берүү үчүн акча чогултуу акциясын өткөрдү, ошондой эле Кыргызстандын медициналык мекемелерине 10 миң еврого жакын суммадагы каражат түрүндө жардам беришти. Мындан сырткары, жакында эле “БИЗ” тарабынан Баткен облусунун бир катар мектептерине ар кандай окуу жабдууларын берүү акциясы уюштурулду.

Ар кандай маселелерди талкуулоо менен бирге, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өлкөнүн Элчиси мекендештерге, 2021 -жылдын 28 -ноябрында өтө турган парламенттик шайлоого добуш берүү учурунда Кыргыз Республикасынын Консулдук Агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Бөлүмүнүн негизинде Бонндогу № 9030 жана Франкфурт -на –Майнедеги № 9031 эки участкалык шайлоо комиссиясында (УШК) добуш берүүгө активдүү катышуу өтүнүчү менен кайрылды.

Жолугушуулардын аягында Элчинин Германиянын ар кандай федералдык штаттарындагы мекендештер менен ушундай жолугушуулары жакшы салтка айланып баратканы белгиленди жана өз кезегинде мекендештерибиз Берлиндеги Кыргызстандын Элчилигине жана КРнын Германия Федеративдүү Республикасындагы консулдук мекемелерине ар кандай маселелер боюнча, анын ичинде консулдук маселелер боюнча кайрылса болору белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK