Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев менен Берлин техникалык институтунун президенти профессор доктор Вернер Ульмандын жолугушуусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилигинин пресс-релизи

838

2022-жылдын 22-ноябрында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев Берлин техникалык институтунун президенти профессор доктор Вернер Ульман менен жолугушту. Жолугушууга ошондой эле И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине караштуу Кыргыз-герман техникалык институтунун директору Анипа Усупкожоева катышты.

Көп жылдардан бери Берлин техникалык институту (Berliner Hochschule für Technik) И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине караштуу Кыргыз-герман техникалык институту менен ийгиликтүү кызматташып келет. Эки окуу жайдын ортосунда студенттер, мугалимдер менен алмашуу боюнча иштер жолго коюлган. Кызматташтыктын алкагында Кыргыз-герман техникалык институтунун студенттери Берлин техникалык институтунда билимин улантууга жана квалификациясын жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул үчүн студенттер тандалган багыт боюнча тиешелүү билимдерден тышкары немис тилин жетиштүү деңгээлде билиши керек.

Жолугушуунун жүрүшүндө Берлин техникалык институтунун президенти В.Ульман Кыргыз Республикасынын Элчиси Ө.Ч.Текебаевди окуу корпусу менен тааныштырып, окуу жайдын ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди жана ошондой эле мындан ары кызматташууга даярдыгын билдирди.

Элчи Ө.Ч.Текебаев белгилегендей, И.Раззаков атындагы КМТУга караштуу Кыргыз-герман техникалык институту Берлин техникалык институту менен биргеликте кыргыз-герман маданий-гуманитардык кызматташтыгынын ийгиликтүү долбоорлорунун бири болуп саналат. Ал Берлин техникалык институту менен кызматташуу кыргыз тарап үчүн талап кылынган техникалык кесиптерде квалификациялуу адистерди даярдоодо чоң мааниге ээ экенин айтты. Эки институттун бүтүрүүчүлөрү Кыргызстанда да, Германияда да жумушка орношо алышат.

Маалымат үчүн: Берлин техникалык институту технологияга негизделген билим берүү программаларына адистешкен Германиядагы алдыңкы окуу жайлардын бири. Студенттердин саны 13503, окутуучулардын саны 787, анын ичинде 287 профессор. Профессорлор жогорку академиялык квалификацияга гана эмес, ошондой эле тиешелүү кесиптик тажрыйбага ээ. Окутууда жана илимий изилдөөдө эң акыркы технологияларды колдонуу, ошондой эле институт менен компаниялардын ортосунда билим жана технологияларды айкалыштыруу институттун ишмердүүлүгүнүн негизин түзөт. Институтта билим берүү сегиз факультетте бакалавр жана магистратура программалары боюнча инженердик, экономика жана табигый илимдердин кеңири спектри боюнча жүргүзүлөт. Бул институт жөнүндө көбүрөөк маалыматты https://www.bht-berlin.de/en/ дареги менен тапса болот:

2004-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде  Кыргыз-герман техникалык факультети түзүлүп, 2013-жылы ал Кыргыз-герман техникалык институту болуп тʏзʏлгɵн. Бүгүнкү күндө эки окуу жайы электротехника жана машина куруу багытында ийгиликтүү кызматташууда. Маалымат https://kstu.kg/bokovoe-menju/instituty/kyrgyzsko-germanskii-tekhnicheskii-institut сайтында жайгашкан.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK