Президент Сооронбай Жээнбеков Германияга келди

6682

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде эки күндүк расмий иш сапары менен Германияга келди.

Визиттин биринчи күнү, 15-апрель экономикалык блокко арналат. Мамлекет башчысы кыргыз-герман экономикалык форумга катышат,  Х.Зайдель атындагы Фонддо сөз сүйлөйт, айыл-чарба ишканасына барат.

Мюнхен шаарында Президент Сооронбай Жээнбеков Бавариянын мамлекеттик канцеляриясынын башчысы,  Бавариянын федералдык жана европалык маселелер, ММК маселелери боюнча мамлекеттик министр Флориан Херман менен, экономика, өнүгүү жана энергетика мамлекеттик министри, Бавариянын Премьер-министринин орун басары Хуберт Айвангер менен жолугушат.

Мамлекет башчысы ошондой эле Германияда иштеп, жашаган кыргызстандыктар менен жолугушат.

16-апрелде, Берлинде, Президент Сооронбай Жээнбековдун ГФР Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Германия Федералдык Канцлери Ангела Меркель, ошондой эле Бундестаг Президенти Вольфганг Шойбле менен жолугушуулары пландаштырылган. Сооронбай Жээнбеков менен Ангела Меркель прессага билдирүү жасашат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Германияга болгон расмий визитинин жыйынтыгы боюнча дипломатиялык алакалар, экономика жана өнөр жай, айыл чарба жана агро өнөр жай комплекси, билим берүү, туризмди өнүктүрүү жана соода-экономикалык карым-катнаш, каржы  тармактарында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлаары күтүлүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Германияга болгон расмий визитинин делегациясынын курамы

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков эки күндүк расмий визит менен Германияга барды.

Делегациянын курамы:

Айдарбеков Чынгыз Азаматович — Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

Сыдыков Данияр Батырович — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Оторбаев Эринес Мотойович — Кыргыз Республикасынын Германия   Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;

Алтыбаева Айнуру Тойчиевна — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты;

Жунус уулу Алтынбек — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты;

Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна — Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Панкратов Олег Михайлович — Кыргыз Республикасынын экономика министри.

www.president.kg

  • Мамлекет башчысы ошондой эле Германияда иштеп, жашаган кыргызстандыктар менен жолугушат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK