Германияда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына арналган кыргыз маданий кечелери болуп өттү

1127

Германияда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына арналган кыргыз маданий кечелери болуп өттү, алар кыргыз диаспора уюмдары – Кыргыз-герман маданий коому жана “BIZ e.V” коомдук бирикмеси тарабынан Кыргыз Республикасынын Элчилигинин колдоосу менен уюштурулду.

21-августта Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев кыргыз элин жана кеченин бардык конокторун келе жаткан улуттук майрамы менен куттуктап, чет өлкөлөрдө жашаган мекендештер үчүн кыргыз маданиятын тартуулаган мындай кечелердин ролун жана маанисин өзгөчө белгиледи.

27-августта Майндагы Франкфурт шаарында Кыргыз Республикасынын Майндагы Франкфурт шаарындагы Консулдук агенттигинин консулу Чубак Оморов да кеченин конокторун Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Бул салтанаттуу иш-чараларда «Ибарат» фольклордук-этнографиялык ансамбль өнөрлөрүн тартуулап, меймандарга кыргыз музыка жана улуттук аспаптардын күүлөрү, кыргыздын залкар музыканттарынын чыгармачылыгы жана элдик чыгармачылык дүйнөсүнө кызыктуу саякат тартуулады. Кеченин жүрүшүндө кыргыздын музыкалык аспаптары тууралуу да кеңири маалымат берилди.

Концерттик программадан кийин кеченин конокторунун ортосунда таанышуу жана пикир алмашуу болуп, аларга боорсок жана башка улуттук тамактар тартууланды. Кечеге чакырылган ардактуу коноктордун арасында жергиликтүү администрациянын, парламенттин, дипломатиялык корпустун жана башка диаспоралык уюмдардын өкүлдөрү болду.

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчилиги Берлин шаарындагы Кыргыз-герман маданий коомунун теңтөрайымы Махабат Садырбекке жана Майндагы Франкфурт шаарындагы “BIZ e.V” коомдук бирикмесинин жетекчиси Асел Сайраан-Дамирге аталган иш-чараларды өткөргөндүгү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK