Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Эгемендʏʏлʏгʏнʏн 30 жылдыгына арналган фото-көргөзмөсʏн ачуу аземи болду
2021-жылдын 27-августунда Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Эгемендʏʏлʏгʏнʏн 30 жылдыгына арналган фото-көргөзмөсʏн ачуу аземи болду.
Кечеге Германиядагы кыргыз диаспорасынын, Кыргыз-герман маданий коомунун өкʏлдөрʏ жана германиялык достор катышты.
Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаев иш-чаранын катышуучуларын Кыргыз Республикасынын Улуттук майрамы менен куттуктады.
Кеченин жʏрʏшʏндө Кыргызстандын тʏптөлʏшʏ тууралуу фильмдер көрсөтʏлдʏ.
Кыргыз Республикасынын Эгемендʏʏлʏгʏнʏн 30 жылдыгына карата Германиядагы Кыргызстандын жарандарына, Кыргыз-герман маданий коомунун өкʏлдөрʏнө жана германиялык досторго кыргыз-герман кызматташуусуна кошкон салымы ʏчʏн Элчиликтин баракчалары ыйгарылды.
Иш-чара санитардык талаптарды эске алып уюштурулду, бардык коноктор коронавируска каршы вакцина алышкан же тесттен өтʏшкөн.
Кече жылуу достук маанайда өттʏ.