Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Эгемендʏʏлʏгʏнʏн 30 жылдыгына арналган фото-көргөзмөсʏн ачуу аземи болду

2606

2021-жылдын 27-августунда Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Эгемендʏʏлʏгʏнʏн 30 жылдыгына арналган фото-көргөзмөсʏн ачуу аземи болду.

Кечеге Германиядагы кыргыз диаспорасынын, Кыргыз-герман маданий коомунун өкʏлдөрʏ жана германиялык достор катышты.

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаев иш-чаранын катышуучуларын Кыргыз Республикасынын Улуттук майрамы менен куттуктады.

Кеченин жʏрʏшʏндө Кыргызстандын тʏптөлʏшʏ тууралуу фильмдер көрсөтʏлдʏ.

Кыргыз Республикасынын Эгемендʏʏлʏгʏнʏн 30 жылдыгына карата Германиядагы Кыргызстандын жарандарына, Кыргыз-герман маданий коомунун өкʏлдөрʏнө жана германиялык досторго кыргыз-герман кызматташуусуна кошкон салымы ʏчʏн Элчиликтин баракчалары ыйгарылды.

Иш-чара санитардык талаптарды эске алып уюштурулду, бардык коноктор коронавируска каршы вакцина алышкан же тесттен өтʏшкөн.

Кече жылуу достук маанайда өттʏ.

  • Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Эгемендʏʏлʏгʏнʏн 30 жылдыгына арналган фото-көргөзмөсʏн ачуу аземи болду

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK