2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин (Парламент) депутаттарын шайлоого катышуу ʏчʏн шайлоочулардын акыркы тизмелери аныкталды

3015

Урматтуу мекендештер,

2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин (Парламент) депутаттарын шайлоого катышуу ʏчʏн шайлоочулардын акыркы тизмелери аныкталды жана алар шайлоочулардын «Тизме» мамлекеттик порталында - https://tizme.gov.kg/ жайгаштырылды.

Ушуга байланыштуу, Германия Федеративдʏʏ Республикасынын, Польша Республикасынын, Норвегия Королдугунун, Дания Королдугунун жана Швеция Королдугунун аймагында жашап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынан жогоруда аталган дарек боюнча шайлоочулардын акыркы тизмелериндеги өзʏӊʏздөр тууралуу маалыматтын бар экендигин текшерʏʏнʏ суранабыз жана Германиянын аймагында төмөнкʏ тийиштʏʏ шайлоо участокторунун биринде 2021-жылдын 28-ноябрында саат 08.00-20.00 чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого жигердʏʏ катышууга чакырабыз:

1. Кыргыз Республикасынын Берлин шаарындагы Элчилигинде (УШК № 9029), дареги: Otto-Suhr-Allee 146, 10585 Berlin.

2. Кыргыз Республикасынын Франкфурт-на-Майне шаарындагы Консулдук агенттигинде (УШК № 9030), дареги: Brönnerstrasse 20, 60313 Frankfurt am Main.

3. Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Бонн шаарындагы бөлʏмʏндө (УШК № 9031), дареги: Ännchenstrasse 61, 53177 Bonn.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK