Ч.Айтматовдун “Жамиля” повестин көркөм айтуу кечеси тууралуу

1390

2022-жылдын 3-июлунда Берлин шаарында Рудольф Штайнер маданий үйүндө музыканын коштоосунда улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун «Жамиля» повестинин кыскача варианты көркөм айтылды. Кечеге Берлиндеги «Кыргыз-немис маданий уюму» (Deutsch-kirgisischer Kulturverein e.V.) көмөк көрсөтүп, анын тең-төрайымы Махабат Садырбек (Mahabat Sadyrbek) кириш сөз катары көрүүчүлөргө «Жамиля» повестинен кыргыз тилинде үзүндү окуду.

Актер жана сторителлер Рихард Шнелл бала кезинен бери Ч.Айтматовдун чыгармаларын жакшы көрүп окуп келет. Ал музыкант жан-жолдошу Фритц Нагел менен бирге 2017-жылдан бери Германия менен Швейцариянын ортосунда Жамиля менен Даниярдын сүйүүсүн Сейиттин ролунда 50 дөн ашуун жерде элдин алдына чыгарган. 75 мүнөттүк сторителлиң бир катар үйлөмө аспаптардын коштоосунда көрүүчүлөрдү 1940-1945-жылдардагы алыскы Кыргызстандын айылына алып барып келди. Бул чыгармачылык өнөр тууралуу актердун вебсайтынан окуй аласыздар: http://www.richardschnell.de/dshamilja-von-tschingis-aitmatow

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK