Элчи Өмүрбек Текебаев мурунку Япониянын Премьер-министр Синдзо Абэ мырзанын жаркын элесин эскерди.
Элчи Өмүрбек Текебаев Япониянын Германиядагы Элчилигине барып, мурунку Япониянын Премьер-министр Синдзо Абэ мырзанын жаркын элесине арналган көңүл айтуу китебине жазуу калтырды.
Япониянын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери, мурдагы Өкмөт башчысы Синдзо Абэ мырза кыргыз-япон кызматташтыгын өнүктүрүүгө зор салым кошкону жана Кыргызстанда терең сыйга ээ болгону белгиленди.
Элчи Өмүрбек Текебаев Япониянын элине жана Синдзо Абэ мырзанын үй-бүлөсүнө көңүл айтуу сөздөрүн жеткирип коюну суранды.