2022-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев Германия Федеративдʏʏ Республикасынын Эмгек жана социалдык иштер боюнча Федералдык министрлигинин Европалык жана эл аралык ишке орноштуруу жана социалдык саясат департаментинин директору Карстен Штендер менен жолугушту

968

2022-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев Германия Федеративдʏʏ Республикасынын Эмгек жана социалдык иштер боюнча Федералдык министрлигинин Европалык жана эл аралык ишке орноштуруу жана социалдык саясат департаментинин директору Карстен Штендер менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстандан келген квалификациялуу кадрларды Германияга ишке орноштуруу маселелери талкууланды.

Элчи Ө.Ч.Текебаев уюшкан тʏрдɵ ишке орноштурууну камсыз кылуу ʏчʏн системалуу жана узак мөөнөттүү кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, бул максатта жакын арада Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен Германиянын иш менен камсыз кылуу боюнча Федералдык агенттигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу пландалып жатканын билдирди.

Карстен Штендер Германиянын Эмгек жана социалдык иштер федералдык министрлигинин Германияга башка өлкөлөрдөн кадрларды тартуу боюнча аракеттери тууралуу маалымат берип, Германияда квалификациялуу кадрларды ишке орноштуруу боюнча Кыргызстан менен мындан аркы кызматташууга даярдыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK