Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Германиядагы Элчиликтин көмөгү менен кыргызстандык компаниялар Берлин шаарында 8-10-февралда өтүүчү эл аралык айыл чарба көргөзмөсүнө катышты.

472

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Германиядагы Элчиликтин көмөгү менен кыргызстандык компаниялар Берлин шаарында 8-10-февралда өтүүчү эл аралык айыл чарба көргөзмөсүнө катышты.
Көргөзмөгө катышуу менен бирге, «Шоро» компаниясынын негиздөөчүсүнүн бири Жумадил Эгембердиев, Мөмө жемиштер ассоциациясынын жетекчиси Тилек Токтогазиев жана “Клубмалина” компаниясынын жетекчиси Бектемир Мамыралиев Германиянын «Karls», «Christine Berger GmbH» жана «Hofladen Falkensee» аттуу айыл чарбаларында болушту. Ал чарбалар кулпунай, чычырканак өстүрүп, андан түрдүү продукцияларды чыгарышуу менен алектенет. Кыргыз ишкерлери  мөмө-жемишти өстүрүү жана кайра иштетүү боюнча Германиянын тажрыйбасы менен таанышышты. 
Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев аталган кыргыз ишкерлери менен жолугушуп, Кыргызстандан Германияга жана башка Европа өлкөлөрүнө продукцияны экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн, потенциалдуу өнөктөштөрдү табуу маселелерин  талкуулады. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK