2023-жылдын 15-февралда Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германия Бундестагынын Аппаратынын илим жана эл аралык кызматташуу маселелери боюнча Департаментинин жетекчиси доктор Зильке Альбин айым менен жолугушту.

418

2023-жылдын 15-февралда Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германия Бундестагынын Аппаратынын илим жана эл аралык кызматташуу маселелери боюнча Департаментинин жетекчиси доктор Зильке Альбин айым менен жолугушту. Анда Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы парламенттер аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары жана мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде парламенттик делегациялардын иш сапарлары менен алмашуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Элчиси Өмүрбек Текебаев өлкөбүздө демократиялык процесстерди жана парламентаризмди мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө максатында Кыргызстандын Бундестагдын эл аралык парламенттик стипендиялар программасына катышууга кызыкдар экенин белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK