2023-жылдын 18-февралында Берлиндеги кыргыз диаспорасынын активисттери кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнʏн арасында биринчи жолу “Ынтымак” футболдук турнирин уюштурду.

378

2023-жылдын 18-февралында Берлиндеги кыргыз диаспорасынын активисттери кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнʏн арасында биринчи жолу “Ынтымак” футболдук турнирин уюштурду.

Футбол боюнча мелдешке Германиядагы жана Чехиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн турган 11 команда, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчилигинин кызматкерлеринен турган команда катышты.

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев кыргыз жаштарына кайрылуусунда Германиядагы жана Европадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнʏн ортосундагы ынтымактын мындан ары дагы бекемделишинин маанилүү экендигин белгиледи.

Футболдук мелдештин жүрүшүндө конокторго кыргыздын улуттук тамак-ашы сунушталды. Иш-чаранын катышуучулары жана коноктору бири-бири менен таанышып, ɵз ара баарлаша алышты. Мындай иш-чаралар жаштарды сергек жашоого чакырууга жана Германиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн мындан аркы биримдигин камсыз кылууга салым кошо алат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK