2023-жылдын 25-мартында Майндагы Франкфурт шаарында Нооруз майрамы белгиленди.
2023-жылдын 25-мартында Майндагы Франкфурт шаарында Нооруз майрамы белгиленди.
Майрам кыргызстандыктардын “B.I.Z.” коому жана кыргыз диаспорасынын активисттери тарабынан уюштурулду.
Иш-чараларга жүз жыйырмадай кыргызстандыктар жана Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин өкүлү катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө концерттик программалар жана улуттук тамак-аштар көрсөтүлүп, катышуучуларга сый тартууланды.