2023-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев кайрымдуулук концертине катышты.

157

2023-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев жана Элчиликтин кызматкерлери үй-бүлө мүчөлөрү менен дүйнөгө белгилүү Берлин филармониясында Кыргызстандагы балдарга жардам катары Германиянын “Uplift-Aifwind” уюму тарабынан уюштурулган кайрымдуулук концертине катышты.

Германиянын жараны Марен Эрнст жетектеген “Uplift-Aufwind” уюму 16 жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстанда ата-энесинин камкордугунан ажыраган көптөгөн жетим балдарга, ошондой эле өзгөчө камкордукка муктаж оорулуу балдарга жардам көрсөтүп келет. Бул немис коому мындай балдардын ата-энелери менен иштөөгө, аларга оорулуу балдарды кантип кароо керектигин үйрөтүүгө өзгөчө көңүл бурат. Элчилик Кыргызстандагы балдарды колдоп жаткан германиялык “Uplift-Aifwind” уюму менен туруктуу байланышта болуп, кызматташып турат.

Концерт Германия, Казакстан, Россия жана Канададан келген белгилүү музыканттардын жана дүйнөлүк классиканын, джаз, танго жана электроникалык музыканын аткаруучуларынын катышуусунда уюштурулду.

Белгилүү опера ырчысы Зарина Алтынбаеванын, музыканттар Айкен Айтбай менен Айдар Гайнулиндин өнөрлөрү көрүүчүлөрдүн өзгөчө кубанычын жаратты. Канададан келген «Cobblestone Jazz» триосунун аткаруусу ɵзгɵчɵ болду, алар джаз обондорун электрондук музыка менен айкалыштырып аткарышты.

Немис актрисасы Мартина Гедек Марен Эрнсттин «Uplift-Aufwind» уюмунун Кыргызстандагы балдар менен иштеген ишине арналган “Баардык жерде башкача” аттуу кол жазмасынан үзүндү окуду.

Кайрымдуулук концертин уюштурууга Айкен Айтбай, Марен Эрнст, Инес Шилген, Свен П.Якобсон, Лара Принс, Бирте Хельшер, ошондой эле Берлиндеги мекендешибиз Кундуз Качиева активдүү катышты. Элчилик кайрымдуулук концертинин бардык уюштуруучуларына ыраазычылык билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK