11-апрелде Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германияда иш сапары менен жүргөн “BT Innovations” каржылык фондунун төрагасы Тилек Ашимовду кабыл алды.

55

11-апрелде Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германияда иш сапары менен жүргөн “BT Innovations” каржылык фондунун төрагасы Тилек Ашимовду кабыл алды.

"BT Innovations" каржылык фонду айыл чарба техникаларын жана жабдууларын лизингге берүү менен алектенет. Т.Ашимовдун айтымында, кыргызстандык дыйкандар сапаттуу жана арзан баадагы колдонулган айыл чарба техникаларын сатып алууга кызыкдар.

Кыргызстанда айыл чарба техникасын тейлөө боюнча борборлордун системасы жана запастык тетиктердин кампасы өнүккөндөн бери тиешелүү техникаларынын бирдиктеринин санын көбөйтүү үчүн зарыл шарттар түзүлдү. Бул маселени ишке ашыруу үчүн субсидия жана жеңилдетилген каржылоо түрүндө мамлекеттик колдоо керек.

Элчилик менен “BT Innovations” компаниясынын ортосунда бул жаатта долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча макулдашылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK