2023-жылдын 16-сентябрында “Kyrgyz Rhein Main Verein e.V” диаспоралык уюму тарабынан Германиянын Рейндеги Ингельхайм шаарында “Ingelheimer Freundschaftsfest” аттуу достук фестивалында кыргызстандыктардын катышуусу уюштурулду.
2023-жылдын 16-сентябрында “Kyrgyz Rhein Main Verein e.V” диаспоралык уюму тарабынан Германиянын Рейндеги Ингельхайм шаарында “Ingelheimer Freundschaftsfest” аттуу достук фестивалында кыргызстандыктардын катышуусу уюштурулду. Диаспорнанын чакыруусу менен иш-чарада Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигини Майндагы Франкфурт шаарындагы өкүлү катышты.
Кыргыз диаспорасы тарабынан улуттук тамак-аштар жана музыкалык чыгармалар тартууланып, боз үй тигилип, фестивалдын көптөгөн конокторунун көңүлүн буруп, Кыргызстанга болгон кызыгууна жаратты.
Мындан сырткары, фестивалдын алкагында кыргызстандык кинорежиссер Актан Арым Кубаттын “Кентавр” аттуу тасмасы көрсөтүлдү.