Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Берлинге келди

80

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда, Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен Берлин шаарына иш сапары менен келди.

Мамлекет башчысынын учагы “Берлин-Бранденбург” эл аралык аэропортуна конду.

Эске салсак, иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы 29-сентябрда өтө турган “Германия – Борбордук Азия” саммитине катышат, Германиянын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле “Германиянын экономикасынын чыгыш комитети” герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK