Президент Садыр Жапаров Берлиндин борборундагы жаңы “Жаш Манасчы” айкели менен таанышты

96

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда, Германия Федеративдүү Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Берлин шаарынын борборундагы Кыргызстандын Элчилигинин аймагында орнотулган “Жаш Манасчы” айкели менен таанышты. 

Кыргыз Республикасынын Германиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев айкел темирден жасалып, кыргыз чеберлери тарабынан Кыргызстандын аймагында куюлганын айтып берди. 

“Жаш Манасчы” кыргыз элинин улуттук жүзүн туюнтат. Ал элибиздин тарыхы менен салттарын чагылдырган кыргыздын салттуу кийимин кийип, башында ак калпагы бар.  10-12 жаштагы жигиттин жашы кыргыз элинин жаштыгын, рухун билдирет. 

Президент Садыр Жапаров бул айкелдин Кыргызстандын Элчилигинде пайда болушун канааттануу менен белгилеп, “Жаш Манасчы” келбети элибиздин эркиндигин, энергиясын жана күчүн чагылдырып турарына токтолду.  Бул айкел улуттук символ катары Кыргызстандын тарыхын, илгертен бери келе жаткан маданий мурастарын жана каада-салттарын сактап, кийинки мурастарга өткөрүп берүү максатын эскертип турат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK