2023-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев жана Берлинге иш-сапары менен келген Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айылындагы №3 эксперименталдык гимназиясынын негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов жалпы билим берүүчү мектептеринде таанышуу жолугушууларды өткөрдү

60

2023-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев жана Берлинге иш-сапары менен келген Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айылындагы №3 эксперименталдык гимназиясынын негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов Берлиндеги М.Ломоносов атындагы Эл аралык мектепте, ошондой эле Берлин-Шарлоттенбург Шинкель башталгыч мектебинде жолугушууларды өткөрдү.

Тактап айтканда, аталган билим берүү мекемелеринин жетекчилиги, мугалимдер жана окуучулар менен жолугушуулар болуп, анда жергиликтүү мектептердин ишмердүүлүгүн уюштуруу менен таанышууга, Кыргызстан менен Германиянын билим берүү тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулоого, ошондой эле тарбия маселелери боюнча мазмундуу пикир жана тажрыйбаларды алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Элчи Өмүрбек Текебаев эки мектептин тең жетекчилигине жана кызматкерлерине жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн маданияты менен билим берүү системасын жакшыртуунун жана жакындаштыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Өз кезегинде Гапыр Мадаминов билим берүү тармагындагы тажрыйбасы жана билими менен бөлүшүп, окутуунун усулдары жана колдонулган педагогикалык тажрыйбалар тууралуу кеңири айтып берди.

Тараптар Кыргызстан жана Германиянын билим берүү мекемелеринин ортосундагы байланыштарды мындан ары да чыңдоо жана кызматташтыкты прогрессивдүү өнүктүрүү зарылчылыгы тууралуу ниеттерин билдиришти.

Маалымат катары:

М.Ломоносов атындагы Эл аралык мектеп Берлиндин Марцан районунда жайгашкан. Мектеп 2007-жылдан бери иштеп келе жатат жана эки тилдүү балдарды немис мектептеринин системасына интеграциялоо боюнча көп жылдык тажрыйбага жана заманбап илимий изилдөөлөргө негизделген инновациялык педагогикалык концепциясы бар билим берүү мекемеси болуп саналат. Бул мектеп окуучуларды 1-класстан 13-класска чейин окутат, андан кийин алар жогорку окууга өтүү аттестатына (Абитур) чейин окуусун уланта алышат.

Шинкель башталгыч мектеби Берлиндеги Шарлоттенбург сарайына жакын жерде жайгашкан. 2017-2018 окуу жылында Шинкель башталгыч мектеби Берлиндин Шарлоттенбург-Вильмерсдорф районунда музыкага басым жасаган биринчи башталгыч мектеп болуп калды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK