2023-жылдын 7-октябрында Гамбург шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев маалымат технологияларына арналган Европадагы биринчи кыргыз тилдүү “IT. Билим берүү. Келечек” конференциясына катышты

46

2023-жылдын 7-октябрында Гамбург шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев маалымат технологияларына арналган Европадагы биринчи кыргыз тилдүү “IT. Билим берүү. Келечек”  конференциясына катышты.

Кыргыз-немис IT-коомчулугу тарабынан уюштурулган иш-чара 150гө жакын катышуучуларды, негизинен Германияда жана башка Европа өлкөлөрүндө жашап, окуп жүргөн кыргызстандык жаш жана прогрессивдүү адамдарды чогултту.

Элчи Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз жаштары өлкө үчүн баалуу ресурс экенине токтолду. Ал чет өлкөлөрдө иштеп, билим алып жаткан кыргызстандык жаштар буга чейин ар кандай тармактарда, анын ичинде IT-тармагында олуттуу ийгиликтерге жетишкенин баса белгиледи. Элчи алардын ар бири жеке карьера гана түптөбөстөн, алардын жөндөмдүүлүктөрүнө, ошондой эле алган билимдерин жана тажрыйбасын Кыргызстандын жаштары менен бөлүшөөрүнө ишенимин билдирди.

Иш-чаранын атайын коногу Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айылындагы №3 эксперименталдык гимназиясынын негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов болду. Ал билим берүү технологиялары тармагындагы тажрыйбасы жана билими менен бөлүшүп, окутуунун усулдары жана колдонулуп жаткан педагогикалык практикалары тууралуу кеңири айтып, ошондой эле мотиватор катары аудиторияга сөз сүйлөп, кыргыз жаштарын мындан ары да өнүгүүгө, жаңы билимдерди алууга умутулууга үндөдү.

Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова видеокайрылууларды жасашты. Ал эми маалымат технологиялары жана билим берүү технологиялары жаатындагы бир катар эл аралык эксперттер конференцияга катышты.

Ошентип, Европадагы биринчи кыргыз тилдүү “IT. Билим. Келечек» конференциясы Европада жашаган кыргызстандыктар арасында жаңы идеяларды жана алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу, ошондой эле жаш муундарды маалыматтык технологияларга тартуу үчүн жакшы аянтча болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK