2023-жылдын 15-декабрында Бишкек шаарында Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө

71

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Элдик Курултай 2023-жылдын 15-декабрында Бишкек шаарында өткөрүлөт.

Элдик Курултайдын ишине катышуу үчүн КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Германиядагы кыргыз диаспорасына 2 (эки) квота бөлгөн (былтыркыдай). Ошентип, Германияда катталган бардык кыргызстандык коомдук уюмдардан эки делегат шайлана алат.

Жогорудагы Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында Элчилик учурда Германияда катталган кыргызстандык коомдук уюмдардан укук белгилөөчү документтер менен бирге арыздарды кабыл алуу боюнча иштерди баштады.

Буга байланыштуу Элчилик Элдик Курултайга катышууга делегат көрсөтүү каалоосун билдирген Кыргызстандын коомдук уюмдарынан тиешелүү документтерди (уюмдун Германияда мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү менен жазуу жүзүндөгү арыз) ушул жуманын аягына чейин (2023-жылдын 13-октябрына чейин) Элчиликтин дарегине: Otto-Suhr-Alle 146, 10585 Berlin жана/же электрондук почтага: kgembassy.de@mfa.gov.kg жиберүүнү суранат.

Элчилик Элдик Курултайга катышуу үчүн талапкерлерди көрсөтүү боюнча төмөнкү суроолорго көңүл бурат:

Коомдук уюмдарга Элдик Курултайга катышууга делегаттарды көрсөтүү укугун берүү максатында документтер 2023-жылдын 13-октябрына чейин кабыл алынат;

Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо укугу тизмесине кирген коомдук уюмдарда болот;

Коомдук уюм тизмеге бул уюмду мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү тиркелген жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде киргизилет;

Ошол эле учурда Элдик Курултайдын делегаттары төмөнкүлөр боло албайт:

Кыргыз Республикасынын жарандыгы жок адамдар;

соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз деп табылган адамдар;

мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар адамдар, ошондой эле оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгондор, алардын соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынганына же жоюлбаганына карабастан;

21 жашка чейинки адамдар.

Элдик Курултай тууралуу толук маалыматты төмөнкү шилтемелер аркылуу биле аласыз:

http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/435113

http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/435115  

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK