2024-жылдын 19-20-январында Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Президенти Темир Сариевдин Берлин шаарына болгон иш-сапарынын алкагында Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен жолугушуу болду
2024-жылдын 19-20-январында Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Президенти Темир Сариевдин Берлин шаарына болгон иш-сапарынын алкагында Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен жолугушуу болду.
Темир Сариев Германияда жыл сайын өтүүчү “Жашыл жумалык 2024” аттуу тамак аш жана айыл чарба жаатындагы эл-аралык көргөзмөгө катышуу жана немис компаниялары менен сүйлөшүү жүргүзүү максатында Берлин шаарына келген. Аталган көргөзмөгө 2024-жылы 61 мамлекеттен 1400 компания катышууда. Көргөзмөгө жылына 300миңден ашык адам катышат.
Кыргызстандын айыл-чарба, тамак-аш продукциясын эл аралык рынокко чыгарууда мындай иш-чаралар жакшы шарт түзөт. Бул себептен, 2025-жылы “Жашыл жумалык” көргөзмөсүнө кыргызстандык өндүрүүчүлөрү катыштыруу максатында Соода-өнөр жай палатасы көмөк көрсөтүүнү чечти. Темир Сариевдин айтымында 2025-жылы Соода-өнөр жай палатасы “Кыргызстан” аттуу көргөзмө стендтин ижарасын төлөп, ишкерлердин катышуусуна шарт түзөт.
Андан тышкары, Элчилик менен Соода-өнөр жай палатасы финансылык жана банк сектору жаатында Кыргызстан жана Германиянын өкүлдөрүн чогултуп, Германияда бизнес-жолугушуу өткөрүү сүйлөшүлдү.
Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрүнүн санын Германиянын ар бир федералдык жеринде шайлоо жана Кыргызстандык ишкерлерге түздөн түз жардам берүү маселеси талкууланды. Бул маселени ишке ашырууда, Элчилик тарабынан тиешелүү көмөк көрсөтүлөт.