2023-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германияга келген JIA бизнес-ассоциациясынын ишкерлери менен жолугушту

86

2023-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германияга келген JIA бизнес-ассоциациясынын ишкерлери менен жолугушту.

Кыргыз ишкерлери Берлинде жыл сайын өтүүчү “Жашыл жумалык 2024” эл аралык көргөзмөсүнө катышууга, ошондой эле жаңы технологияларды изилдөө жана немис компаниялары менен кызматташууну түзүү жана немис ишкерлери менен тажрыйба алмашуу максатында келишкен.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Ө.Текебаев Элчиликтин экономикалык дипломатия жаатында жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу маалымат берип, ошондой эле Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоо жана германиялык технологияларды Кыргызстанда колдонуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча ишкерлер менен пикир алмашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK